Экс-ички иштер министри Мелис Турганбаев бир мандаттуу округдан депутаттыкка ат салышмай болду. Бул боюнча билдирүү Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланды.
Ал маалыматка караганда, №28 Бишкек шаарынын Октябрь округунан шайлоого катышканы жатат. Турганбаев тиешелүү документтерди толугу менен тапшырган.
Шайлоо 28-ноябрда өтөт. 13-октябрда бир мандаттуу округдарда каттоо соңуна чыгат.