Шайлообек Атазов Жогорку Кеңеште ант берди

Шайлообек Атазов Жогорку Кеңеште ант берди

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Шайлообек Атазов ант берди. Ал кайрадан шайлоо өткөн Бишкектин Свердлов бир мандаттуу округу боюнча депутаттыкка келген.

Буга чейин Шайлообек Атазов парламенттин VI чакырылышынын депутаты болгон.

27-февралда борбор калаада эки бир мандаттуу округда шайлоо өтүп, анда 2021-жылдын ноябрында шайлоочулардын көпчүлүгү “бардыгына каршы” добуш беришкен. Кайталап шайлоодо Свердлов району боюнча Абдурахманхаджи Муртазалиев жеңишке жеткен. Бирок, анын добуш сатып алды деген кине менен Жогорку Сот административдик соттун буга чейинки чечимин жана БШКнын Муртазалиевди каттоону жокко чыгаруу чечимин күчүндө калтырды. Шайлообек Атазов Свердлов районунан депутат болду. Ал добуштардын саны боюнча Абдурахманхаджи Муртазалиевден кийин экинчи орунду ээлеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>