Шайлоодо босого чегин жана күрөөнү азайтууну депутаттар биринчи окууда колдошту

Шайлоодо босого чегин жана күрөөнү азайтууну депутаттар биринчи окууда колдошту

Бүгүн, 21-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогору Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө. Анда Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Алтынбек Сулайманов сунуштаган мыйзам долбоору биринчи кароодон өтүп, 83 депутат колдоду. 

Аталган мыйзам долбоорунда 7 пайыздык босогону 3 пайызга, 5 миллион күрөөнү 1 миллион сомго чейин төмөндөтүү жана форма 2 менен добуш берүүгө чектөө киргизүү каралган.

Депутат Жанар Акаев аталган мыйзам толук кандуу келерки шайлоодо иштөөсү үчүн ушул жума экинчи, үчүнчү окуудан өткөрүп кабыл алууну сунуш кылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>