Шайлоонун эртеси мектептер бир күнгө онлайн окууга өткөрүлөт

Шайлоонун эртеси мектептер бир күнгө онлайн окууга өткөрүлөт

Шайлоо участкалары жайгашкан билим берүү мекемелери шайлоонун эртеси бир күнгө жабылат. Бул күн ичинде санитардык тазалоо иштери жүрөт. Мындай маалыматты Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Буга байланыштуу дүйшөмбү күнү, 29-ноябрда участкалык шайлоо комиссиялары убактылуу жайгашкан билим берүү уюмдары онлайн окутууга өткөрүлөт. Калгандары кадимкидей, салттуу форматта иштей беришет.

Билим берүү министрлиги коомчулукту окуу процесси тууралуу такталбаган маалыматтарды таркатпоого жана расмий маалыматка гана таянууга чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>