Шакиев билим берүү жана илим тармагы боюнча эки министрлик түзүүнү сунуштады

Шакиев билим берүү жана илим тармагы боюнча эки министрлик түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев бүгүн, 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда билим берүү жана илим тармагы боюнча эки министрлик түзүүнү сунуштады.

Шакиев азыр Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчадан баштап, жогорку окуу жайларга чейин, ал тургай илим изилдөө мекемелерин көзөмөлдөп жатканын, мындан улам бул тармактарды оңдоо кыйын болуп жатканын сөз кылды.

«Министрликке мыкты жетекчини алып келсек да, анын баарына жетишип, тармакты оңдоп кете албайт. Андыктан, жеке мен министрликти экиге бөлүүнү демилгелеп келем. Тагыраагы бала бакчалар менен мектептерди Агартуу министрлиги жетектесе, жогорку окуу жайлары менен илим изилдөө мекемелерин Жогорку билим жана илим министрлиги көзөмөлдөгөнү оң», – деди.

Ал бул сунушту президент да колдоого алганын айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>