Жалал-Абад облусунун бардык аймактарында жарым кылымдан бери алмаштырыла элек электр мамылары алмаштырылууда. Бул тууралуу «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, күз-кыш айларына карата көрүлүп жаткан даярдыктын негизинде Шамалды-Сай шаарчасындагы Исанов, Панфилов, Зелёная көчөлөрүндөгү эскилиги жеткен мамылар жана Достук айыл өкмөтүнө караштуу Келечек, Алимбек-Ата, Кадыр-Ата көчөлөрүндө жана Беш-Салы айылындагы эскилиги жеткен электр мамылар жана аба чубалгылар жаңыланууда.
Жалпысынан Шамалды-Сай шаарчасында 139 даана эскилиги жеткен электр мамылары алмаштырылган.