Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызстандын аймагында 2-марттан 4-мартка чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу -Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымында (Ийри-Суу участкасы), 63-93-чакырымында (Кара-Гоо ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымыдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>