Кыргызстанда 2-3-сентябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан шашылыш билдирүүдө айтылгандай бул күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 11…26, күндүз 19…24;
Таласта түнкүсүн 7…22, күндүз 28…33;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 11…17, күндүз 23…28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…9, күндүз 15…20;
Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…16°, күндүз 19…24°.