Жакынкы 1 саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына болжол менен 15 метрге жеткен катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Күн күркүрөшү да күтүлөт.
Сак болуңуздар!