Шерадил Бактыгулов: «Энергетикалык согуш» дүйнөлүк рыноктордун архитектурасына кандай таасирин тийгизүүдө?

08.04.2026 | 09:50

Дүйнөлүк саясат институтунун (Кыргызстан) директору Шерадил Бактыгулов эмне үчүн Ормуз кысыгындагы чектөө ок атышууну токтоткондон кийин да бүтпөйт жана «энергетикалык согуш» дүйнөлүк рыноктордун архитектурасын кандайча өзгөртүп жаткандыгы тууралуу ой бөлүшөт.

Эл аралык энергетика агенттигинин башчысы Жакынкы Чыгыштагы азыркы кризисти тарыхтагы эң оор кризис деп атап, ал 1970-жылдардагы жана 2022-жылдагы шоктон алда канча ашып түшкөнүн белгиледи. Ирандын Түштүк Парс жана Катардын Рас-Лаффан аймактарына жасалган соккулар дүйнөлүк суюлтулган табигый газды (СПГ) өндүрүү кубаттуулугунун 20 пайызын иштен чыгарды, ал эми Ормуз кысыгындагы чектөө глобалдык энергия рыногун иш жүзүндө эки баа зонасына бөлүп салды.

Криогендик түзүлүштөрдү калыбына келтирүү эмне үчүн жылдарга созулат, Катарда газ өндүрүү эмне үчүн мурунку көлөмүнө кайтпайт жана чектөөлөрдөн соң кысыктан өтүү үчүн акы төлөө тартиби кандайча киргизилери тууралуу «Reporter.kg» сайтына Дүйнөлүк саясат институтунун директору Шерадил Бактыгулов маек куруп, кенен түшүндүрүп берди. Анын айтымында, дүйнө мындан ары «ишенимсиз» булактардан келген арзан ресурстарга кайтпайт, ал эми «жашыл энергетика» климаттык күн тартибинен биротоло улуттук коопсуздук маселесине айланат.

Эл аралык энергетика агенттигинин башчысы Фатих Бироль азыркы энергетикалык кризисти тарыхтагы эң оор кризис деп атады.

— Бул «энергетикалык согуш» бүткүл дүйнөлүк энергетикалык архитектуранын узак мөөнөттүү кайра түзүлүшүнө алып келеби же кесепеттери убактылуу болобу?

— Бул татаал суроо. АКШ менен Израилдин Иранга жасаган чабуулу дүйнөлүк рыноктордун архитектурасынын кайра түзүлүшүн тездетти. Маселенин маңызын түшүнүү үчүн кыска мөөнөттүү термелүүлөр менен узак мөөнөттүү тренддерди бөлүп кароо керек. Азыркы кризис дүйнөлүк рыноктордун архитектурасынын түп тамыры менен өзгөрүшүнө алып келүүдө. Бирок «энергетикалык согуштун» айрым кесепеттери баалар турукташкандан кийин бир аз басаңдашы мүмкүн. Бирок баары эмес.

Узак мөөнөттүү тренддердин ичинен дүйнөлүк энергия рынокторунун бөлүнүп калышы өзгөчө байкалат. Жаңы «баа зоналары» жана оюндун башка эрежелери калыптанууда. Россия мунай жана жаратылыш газ агымдарын Азияга багыттап жатат (мисалы, «Сибирь күчү-2»). Европа Россиянын газынан биротоло баш тартып, америкалык суюлтулган табигый газга (СПГ) жана суутекке өтүүдө, бирок АКШ менен Израилдин Иранга каршы агрессиясынан улам мунай продуктуларынын таңкыстыгын сезүүдө. Ошентип, ар биринин өз баа эрежелери бар эки параллелдүү рынок түзүлүүдө.

Ошондой эле 2015-жылдарга чейин логистика жана рыноктор чыгымдарды минималдаштырууга негизделген болсо, эми башкы орунга энергетикалык суверенитет чыкты. Ошондуктан Евробиримдик өлкөлөрү суюлтулган табигый газ (СПГ) терминалдарын куруп, Япония кайрадан АЭСтерин ишке киргизүүдө, Казакстан менен Өзбекстан да АЭС куруп жатат, ал эми Кытай мунайдын стратегиялык корун көбөйтүүдө. Көмүрдү өнөр жайлык масштабда колдонуу кайра кайтып келүүдө. Мунун баары ондогон жылдарга эсептелген капиталдык салымдарды талап кылат.

Андыктан энергетикадагы бул түзүмдүк өзгөрүүнү 1973-жылдагы мунай эмбаргосуна салыштырып жатышат. 1973-жылдан кийин дүйнө алтын менен камсыздалган АКШ долларынан «мунай долларына» (петродоллар) биротоло өткөн. Азыркы кризис энергия системаларынын децентрализациясын тездетет жана мунай долларынын ордун «суюлтулган газ-доллар» же «санариптик доллар» басышы мүмкүн.

— Түштүк Парс (Иран) жана Рас-Лаффанга (Катар) жасалган соккулар дүйнөлүк суюлтулган газ өндүрүшүнүн ири бөлүгүн иштен чыгарды. Дүйнөлүк рыноктун 20 пайызын камсыз кылган Катар мамлекети экспортту толугу менен токтотту. QatarEnergy компаниясынын калыбына келтирүү үчүн 3-5 жыл керек деген божомолу канчалык реалдуу?

— Эң оболу, түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн төмөнкүлөрдү белгилеп кетүү керек: Ирандын ракеталары АКШ менен Израилдин Ирандагы (Түштүк Парс) суюлтулган табигый газ (СПГ) заводуна жасаган чабуулуна жооп катары Катардагы газ өндүрүшүнүн так жүрөгүнө сокку урду. АКШ менен Израиль да Рас-Лаффандагы заводдун акционерлери болуп салат. Газ өндүрүшүнүн жүрөгү — бул газды муздатууну камсыз кылган суюлтуу процесси (криогендик түзүлүштөр). Бул процесс үчүн жооптуу негизги элемент — муздатуучу жабдыктар (компрессорлор, жылуулук алмаштыргычтар). Мына ушул жүрөк талкаланды, аны калыбына келтирүү дал ошол 3-5 жылды талап кылат. Бул — өндүрүшү катаал мүнөзгө ээ болгон татаал технологиялык жабдык.

— Ормуз кысыгынын чектелиши тарыхтагы эң ири блокада болуп, дүйнөлүк мунай жеткирүүнүн 20%ын тосуп калды. Сиздин божомолуңуз боюнча, бул чектөө канчага созулушу мүмкүн жана аны токтотуунун кандай жолдору бар?

— Согуштук аракеттердин токтошу Ормуз кысыгынын толук ачылышына алып келбеши мүмкүн. Иранга каршы аракеттенген өлкөлөргө тиешеси бар кемелердин өтүүсүн (танкерлерди) чектөө Ирандын бардык талаптары аткарылмайынча — талкаланган объекттер жана курмандыктар үчүн компенсация төлөө жана бардык санкцияларды алуу күчүндө кала бериши ыктымал. Кеп жүздөгөн миллиард доллар жөнүндө болуп жатат. Миңдеген мектептер, ооруканалар, мечиттер жана ЮНЕСКОнун коргоосундагы маданий мурас объекттери талкаланды. Канча деген тынч тургундар каза болду. Иран үчүн булар ыйык курмандыктар жана алардын өлүмүнө күнөөлүүлөр же акчалай, же физикалык түрдө жазаланышы керек.

Санкцияларды алуу, башка нерселер менен катар эле, АКШ, Европа, Түштүк Корея жана Япониянын банктарында тоңдурулган Ирандын 120 миллиард долларын кайтарып берүүнү түшүндүрөт. Кыязы, аталган банктар ал каражатты колдонгону үчүн пайыздары менен кайтарышы керек болот. Андан тышкары, Ормуз кысыгындагы чектөөнүн алынышы бензиндин, дизель майынын жана мазуттун баасынын арзандашын билдирбейт. Иран Ормуз кысыгынан өтүү үчүн акы алуу системасын киргизиши мүмкүн. Бул компенсация толук алынганга чейин, балким, туруктуу негизде болушу ыктымал.

Окуялар оңунан чыкса, айрым келишимдер 2026-жылдын жай айларынын башында түзүлүшү мүмкүн. Себеби президент Трамптын жана Республикалык партиянын рейтинги АКШдагы бензиндин баасына көз каранды. 2026-жылдын ноябрында АКШ Конгрессине орто мөөнөттүү шайлоо өтөт.

2026-жылдын парадоксу: республикачылардын да, демократтардын да рейтингдери төмөн, бирок шайлоодо кимдир бирөө жеңиши керек. Негизги интрига жана карама-каршылык мына ушунда. Эгерде шайлоо жакын арада өтсө, демократтар 6 пайыз айырма менен жеңмек. Чынында, бул добуш берүү демократтарга ишеним көрсөтүү эмес, Трампка каршы референдум сыяктуу болот. Эки партияга тең терс маанайдагы шайлоочулар демократтарга добуш берүүнү пландап жатышат. Мындай абал АКШ Конгрессинин эки палатасында тең республикачылардын үстөмдүгүнүн аякташын билдирет. Демек, бул кийинки президенттик шайлоодо республикачылар жеңилет дегендик, ал эми бийликти эч ким алдыргысы келбейт. Муну АКШда да, Израилде да, Иранда да түшүнүп турушат. Бирок максаттары ар башка: АКШ «ардактуу тынчтыкты» каалайт, Израиль АКШда жөөт лоббиси бийликте турганда чыңалууну күчөтүүгө умтулат, ал эми Иран бул согушта жеңилбөө менен Трамп баштаган республикачылардын бийлигинин аякташын тездетүүнү көздөйт.

Жогорудагыларды эске алганда, Ормуз кысыгындагы азыркы чектөө Иранга дос эмес өлкөлөрдүн кемелерине акы төлөө же башка тоскоолдук чараларын киргизүүгө өзгөрөт. Бензин жана дизель майынын баасынын төмөндөшү күтүлбөйт, бирок кризис чегинет.

— Чектөөгө байланыштуу Израилдин премьер-министри Нетаньяху Ормузду айланып өтүүчү — Аравия жарым аралы аркылуу Израилдин портторуна баруучу альтернативдик мунай жана газ түтүктөрүн куруу демилгесин көтөрдү. Бул долбоор жакынкы келечекте экономикалык жана саясий жактан канчалык ишке аша турган нерсе?

— Нетаньяху араб өлкөлөрүнөн келген мунай жана газ агымдарына ээлик кылууга аракет кылбаса, Нетаньяху болмок эмес. Биринчи кадам — финансылык агымдарды батыштын төлөм системаларына байлоо болгон. Экинчи кадам — «Ибрахим келишимдери» (Abraham Accords). Бул — Израиль менен БАЭ, Бахрейн, Судан, Марокко жана Казакстандын ортосундагы келишимдердин сериясы. Араб өлкөлөрү буга чейин Палестина маселеси чечилмейинче Израиль менен «эч кандай тынчтык, таануу же сүйлөшүү болбойт» деген принципти карманып келишкен. Бул келишимдер Жакынкы Чыгыштын геосаясатын өзгөрттү. Араб өлкөлөрүнүн азыркы бийликтери өз кызыкчылыктарын палестиналыктар менен тилектештиктен жогору коюуга даяр. Мындан тышкары, Израиль Иранга каршы блок түзүүгө жетишти. Ошондуктан мунай жана газ түтүктөрүн курууга болот. Бирок буга жүздөгөн миллиард долларды ким төлөйт деген маселе турат. Нетаньяхунун пикири боюнча, аны араб өлкөлөрү төлөшү керек. Ошол эле учурда Ирандын мунай-газ инфраструктурасы аскердик жол менен жок кылына берет. Бул жагынан алганда, Израилдин премьер-министринин демилгеси Иранды жок кылуунун кезектеги элементи жана израилдиктерге оңой акча алып келе турган долбоор катары каралууда.

— Буга чейин окуялардын өнүгүү жолдорун талдагансыз. Сиздин кайсы божомолдор ишке ашты жана учурда кайсы сценарий эң ыктымалдуу көрүнөт?

— 2025-жылдын башында көпчүлүк аналитиктер рынок баалар төмөн болгон «жаңы нормалдуулук» фазасына кирет деп күтүшкөн. Божомолдун бул бөлүгү чындап эле ишке ашты, бирок көпкө созулган жок. 2025-жылы мунайга болгон баа 12–19%га төмөндөйт деген божомолдор чындыкка дал келди. Brent үлгүсүндөгү мунайдын орточо баасы баррелине 82 доллардан 68–69 долларга чейин түштү. Суроо-талап жай өстү, ал эми ОПЕК+ өндүрүштү көбөйтүп, ашыкча көлөмдү жаратты. Европа орус газын америкалык СПГ менен алмаштырат деген божомолдор да толугу менен ишке ашты. 2025-жылы АКШдан Евробиримдикке жеткирүүлөр рекорддук чекке жетип, жалпы импорттун төрттөн бирин түздү.

2025-жылдын аягындагы божомолдордин негизги катасы — геосаясат өзгөрүүсүз калат деген божомол болчу. 2026-жылдын чындыгы таптакыр башкача болуп чыкты. Арзан мунайдын ордуна дүйнө 2026-жылдын февраль-март айларында Ормуз кысыгынын чектөөлөрүн алды. Бул рыноктон күнүнө 10-11 млн баррель мунайдын жоголушуна алып келди. Европадагы 2025/2026-жылдардагы жылуулук берүү мезгили тынч өтөт деген божомолдор ишке ашпай калды. Европада газдын баасы 2026-жылдын мартында 93%га көтөрүлүп, үч жылдык максимумду жаңылады. Жакынкы Чыгыштагы согуштан улам газ сактагычтарды толтурууга физикалык жактан ресурс калбай калды.

Азыр аналитиктер «созулган гибриддик согуш» сценарийине кошулуп жатышат. Арзан ресурстарга оңой кайтуу мүмкүн эмес. 2026-жылдын энергетикасы баа маселеси эмес, ресурстардын физикалык жеткиликтүүлүгү маселесине айланды. Энергия рыногу экиге бөлүндү. АКШ Россия менен Иранга каршы рекорддук санкцияларды киргизди. Кытай менен Индия кырдаалдан пайдаланып, арзандатылган мунайды сатып алып жатышат, бирок Европа жана дүйнөнүн калган бөлүгү үчүн күйүүчү отун кымбаттап, таңкыс болуп жатат. Евробиримдик тузакка түштү: орус газы жабык, америкалык СПГ соода согуштарынын жана кысыктардагы тоскоолдуктардын барымтасында калды.

Арзан делген 2026-жылдын божомолу акталган жок. Анын ордуна дүйнө «идеалдуу штормго» туш болду. Ошондуктан дүйнөдөгү энергетикалык коопсуздук арзан мунайга жетүүсү менен эмес, үйдүн чатырындагы күн панелдери, ишенимдүү аккумуляторлор жана электромобилдер менен аныктала турган фазага кирүүдө.

— Goldman Sachs эксперттери азыркы кризисти «тарыхтагы сунуштун эң ири шогу» деп аташты. Жакынкы 6 жана 12 айга негизги энергия булактарына (мунай жана газ) карата баа динамикасы боюнча сиздин божомолуңуз кандай? Сауд Аравиясында конфликт созулуп кетсе, мунай 180 долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн деген сценарийи канчалык негиздүү?

— Кыска мөөнөттүү келечекте Goldman Sachs апрель айына карата божомолун баррелине 115 долларга чейин көтөрдү. Банктын пикири боюнча, узак мөөнөттүү тренд 2028-жылга чейин бааларды 80 доллар деңгээлинде кармап турат. Сауд Аравиясынын баалар 180 долларга чейин өсөт деген сценарийи, эгерде конфликт созулуп кетсе, негиздүү. Трейдерлер буга чейин эле мунайды 130, 140 жана 150 доллардан сатып алуу опциондорун активдүү алып жатышат. Бул аймакта мунайдын реалдуу таңкыстыгы бар экенин көрсөтүп турат. Ошол эле учурда саудиялыктар өздөрү да мындай сценарийден кооптонушат. 150 доллардан жогору баа суроо-талапты жок кылып, глобалдык рецессияны жаратышы мүмкүн.

Эгерде жеткирүүлөр апрель айында калыбына келбесе жана конфликт 3-4 айга созулса, бул бүткүл дүйнө үчүн системалык көйгөйгө айланат. Goldman АКШдагы рецессия ыктымалдыгын 30%га чейин жогорулатты. Күйүүчү отундун кымбатташы керектөөчүлөрдүн капчыгына сокку урууда. Кризисти жумшартуу боюнча чаралар баанын эң жогорку чегин бир аз басаңдатышы мүмкүн, бирок көп айлык жоготуулардын ордун толтура албайт.

Оптимисттик сценарий ок атышуу тез токтоп, логистика калыбына келген учурда гана мүмкүн. Реалдуу сценарий жакынкы айларда баалардын 100-150 доллар диапазонунда сакталышын болжолдойт. Ал эми Сауд Аравиясынын экстремалдык сценарийи (180 доллардан жогору) кризис май айынын аягына чейин созулса, кутулгус чара болуп калат.

— Акыркы суроо философиялык мүнөздө болсун: дүйнөлүк коомчулук бул кризистен эмнени үйрөнүшү керек? Бул «жашыл» энергетикага өтүүнү тездетүүчү фактор болобу же, тескерисинче, татаал логистикалык чынжырлардын алсыздыгын көрсөтүп, дүйнөнү ресурстар үчүн күрөшкө жана аймактык обочолонууга түртөбү?

— Бул абдан татаал суроо. Энергетикалык кризис карама-каршы тенденцияларды жаратты. Дүйнө мындан ары «ишенимсиз» булактардан келген арзан казылып алынуучу отунга кайтпайт. Дүйнө буга чейин эле блокторго бөлүнүп жатат, алардын ичинде «жашыл» энергияга өтүү тездейт. Россия жана Борбор Азия өлкөлөрү технологияларды жана стандарттарды тандап, ошону менен бир блокко кошулууга туура келет.

Ресурстар үчүн күрөш жана автаркия күч алууда. Өлкөлөр «жашыл» энергетика үчүн зарыл болгон пайдалуу кендерди казып алуу боюнча келишимдерин кайра карап жатышат. Ресурстук супер державалардын клубу калыптанууда. Микрочиптер, никель, дан боюнча логистикалык чынжырлар өздөрүнүн назик экенин көрсөттү. Эми friendshoring жана жергиликтүү өндүрүштү субсидиялоо боюнча жаңы тренд пайда болууда.

Негизги сабак — энергетика геосаясаттын бир бөлүгү болуп калды. «Жашыл» энергетикага өтүү уланат, бирок ал катуу атаандаштык менен коштолот. Ар бир держава өзүнүн туюк чынжырчасын түзүүгө умтулат.

Азыркы кризис туруксуз Жакынкы Чыгышка көз карандылыкты азайтуу максатында кайра жаралуучу энергия булактарына өтүүнү тездетүүгө түрткү берди. Саясий эрк чечүүчү фактор болот. Көптөгөн өлкөлөрдө «жашыл энергия» — бул жөн эле климаттык тандоо эмес, эң биринчи кезекте улуттук коопсуздук маселеси.

Маектешкен Эльвира Сатыбекова

Scroll to Top