ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарынын ачылышына даярдык көрүү боюнча биринчи жыйын өттү

Бүгүн, 2-октябрда президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны болуп өттү.
Президенттик администрация кабарлагандай, 2026-жылы Бишкекте өтө турган иш-чараларды натыйжалуу координациялоо жана ийгиликтүү өткөрүү максатында президент Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги иш-чараларды даярдоо жана өткөрүүнү Каныбек Туманбаевге тапшырган.
Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу комитетинин курамы бекитилип, мүчөлөрүнө уюштуруучу, протоколдук жана башка даярдык чараларын камтыган негизги иш-чаралардын планын даярдоо тапшырылды.
Мындан тышкары, компетенттүү министрликтерге коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу, меймандостукту жогорку деңгээлде уюштуруу, инфраструктураны куруу жана модернизациялоо боюнча толук чараларды көрүү тапшырылды.