Штаб: Эрежелерди бузган кафе-ресторандар жабылып, такси кызматтары токтотулат

Штаб: Эрежелерди бузган кафе-ресторандар жабылып, такси кызматтары токтотулат

Санитардык эрежелерди бузган кафе,ресторандар жабылып, коомдук транспорт жана такси кызматтары токтотулат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында тиешелүү органдарга бул объекттерди текшерүүнү күчөтүү тапшырылган.

«Маршруттук таксилерде жүргүнчүлөрдүн үчтөн бири беткап тагынса, беткапсыз түшкөндөрү дагы бар. Такси жана дүкөндөрдө деле ушундай эле кырдаал. Кечээ жакында көп сандагы адамдардын катышуусунда ресторанда өткөрүлгөн үй-бүлөлүк иш-чара аша чапкандык. Бишкек мэриясы мындан ары ушул сыяктуу окуяларга жол бербөө үчүн чара көрүүгө тийиш. Коомдук унаада жана коомдук тамактануу жайларында санитардык эрежелерди сактоо күчөтүлүшү шарт”, – деген вице-премьер-министри Кубатбек Боронов. 

Жыйында ИИМдин өкүлдөрү 46 маршруттук таксилердин фирмасы жана бир нече такси фирмалары текшерилип, айыппул салынганын айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>