•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Штаб кайсы бейтаптар ооруканаларга кабыл алынарын айтты

Жаңы алгоритмге ылайык, абалы оор болуп жаткан жарандар ПЧР анализ бербестен, стационарга кабыл алынат. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда штабдан маалымдашты.

Чакыруу менен келген мобилдик топтор бейтаптарды төмөнкү клиникалык көрсөткүчтөр боюнча стационарга алышат:

Абалы өтө оор, жай отурган мезгилде дем алуунун жетишсиздиги;

Абалынын орточо оор түрү, кыймыл-аракеттин негизинде пайда болгон дем алуунун жетишсиздиги;

Оорунун жеңил түрүндөгү энтигүүсү жок жактар. Ошол эле учурда ооруканага төмөнкүдөй факторлору бар бейтаптар жаткырылышы мүмкүн – 60 жаштан жогорку курактагылар, кант диабети, өпкө, бөйрөк жана жүрөк оорулары барлар.

Мындан сырткары, эпидемиологиялык көрсөтмө учурунда бейтаптар – изоляция үчүн шарты жоктор (өзүнчө бөлмө),  65 жаштан жогорку курактагы адамдар менен жашагандар, 5 жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар, иммунитети төмөн адамдар жана жүрөк, өпкө, бөйрөк оорусу барлар. 

Сунушталган жаңылыктар
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Муфтият коронавируска каршы кан чыгарып түлөө өткөрдү

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Улуу Британия жана Бахрейнде жүргөн мекендештер Дубай аркылуу өлкөгө кайтып келди

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Саламаттык сактоо министри пневмонияга, орун басары коронавируска чалдыкты

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Бир суткада пневмониядан 40, коронавирустан 6 адам көз жумду

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *