Швейцарияда аялдарга паранжа кийүүгө тыюу салуу сунушталууда

Швейцарияда аялдарга паранжа кийүүгө тыюу салуу сунушталууда

Швейцария өкмөтү коомдук жайларда паранжа кийип жүрүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун парламентке сунуштаганын швейцариялык басылмалар жазды.

Мыйзам долбооруна ылайык, тыюу мектептер, ооруканалар, коомдук транспорт жана ресторандар сыяктуу коомдук жайларга тиешелүү болот.

Адамдарга көздөрүн, мурдун же оозун жаап турган аксессуарларды же кийимдерди кийүүгө тыюу салынат деп айтылат мыйзам долбоорунда. Швейцариялык ММКлар башына капюшон кийсе болот, бирок балаклава эмес, мусулман аялдар хиджаб кийсе болот, бирок никаб эмес деп түшүндүрүшөт.
Бул эрежелерди бузгандар 1000 швейцариялык франк (1000 еврого жакын) айыппул менен жазалоо сунушталууда.

Ошол эле учурда мыйзам долбоорунда бир катар өзгөчөлүктөр каралган, атап айтканда, мотоциклчилерге беттерин жаап турган шлем менен жүрүүгө уруксат берилген. Тыюу медициналык беткаптарга да тиешелүү эмес. Ошондой эле, мыйзам долбоорунун текстине ылайык, учактарда, консулдук жана дипломатиялык мекемелерде, диний жайларда бетти жабууга уруксат берилет.

Мусулмандар Швейцариянын 8,6 миллион калкынын 5 пайызын түзөт, алардын көбү Түркия, Босния-Герцеговина жана Косоводон келгендер. 
Люцерн университетинин эсебинде, өлкөдө 30га жакын гана аял никаб кийет.

Швейцария беткап кийүүгө тыюу салынган беш өлкөнүн бири. 2011-жылы Франция коомдук жайларда паранжы кийүүгө тыюу салса, Дания, Австрия, Нидерландия жана Болгария беткапты толугу менен же бир бөлүгүн коомдук жайларда тагынууга тыюу салган.

  • Amnesty International уюму паранжы жабууну “аялдардын укуктарын, анын ичинде сөз эркиндигин жана дин тутуу эркиндигин бузган коркунучтуу саясат” деп атады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>