Мыктыбек Илебаев «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын директору болуп дайындалдыБШК Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевди мандатынан ажыраттыКыргызстанда расмий түрдө Лянга федерациясы түзүлдүМэрия: Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн ачылышы аба ырайына байланыштуу жылдырылдыОкумуштуулар тирүү жандыктын мээсин виртуалдык чөйрөдө толугу менен эмуляциялаштыБишкекте мектепке куралдуу кол салууну пландоого шектелип окуучу кармалды
Швейцария Кыргызстандагы сууну үнөмдүү пайдалануу долбоору үчүн 2,7 млн доллар бөлөт
05.11.2025 | 10:53

Швейцария өкмөтү Кыргызстанда суу ресурстарын туруктуу жана үнөмдүү пайдаланууга көмөктөшүүгө багытталган долбоорду колдоого 2,2 млн швейцар франкын (2,7 млн доллардан ашык) бөлөт. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул каражат жакында кабыл алынган Суу кодексине ылайык “Кыргыз Республикасында сууну пайдаланууга уруксат берүү системасы” долбоорунун алкагында бөлүнүүдө.
Долбоор 2025–2028-жылдар аралыгында ишке ашырылат. Анын максаты сууну так эсепке алуу жана пайдалануу стандарттарын сактоо болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат