Си Цзиньпин ШКУнун жыйынында өлкөлөрдү глобалдык башкаруу системасын түзүүгө чакырды

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бардык өлкөлөрдү адилеттүү жана акылга сыярлык глобалдык башкаруу системасын түзүү үчүн биргелешип иштөөгө чакырды. Ал Глобалдык башкаруу боюнча демилгесин Кытайдын Тяньзинь шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун “ШКУ плюс” жолугушуусунда көтөрүп чыккан.
Си Цзиньпин өз сөзүндө дүйнө туруксуздук жана өзгөрүүлөр мезгилине келип жеткенин билдирген. Анын айтымында, бардык өлкөлөрдүн көлөмүнө, күчүнө жана байлыгына карабастан, глобалдык башкарууда тең укуктуу катышуучулар болуп эсептелери жана чечим кабыл алуу менен пайда алуу укугу бар.
«Биз үчүн үстөмдүккө жана күч саясаттарына кескин каршы турууну улантуу, чыныгы көп тараптуулукту жүзөгө ашыруу, көп борборлуу дүйнөнү калыптандырууга жана эл аралык мамилелерди демократиялаштырууга көмөктөшүү негизги багыт болуп саналат», – деп билдирген ал.