Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Кабинетинде 6 миллионго жакын акча болгон. УКМК милиция офицерлерин кармады
02.09.2025 | 10:44

УКМКнын маалыматына караганда, Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчилери кызматкерлерди коммерциялык объектилерди кошумча күзөтүүгө чыгарып, алардын айлыктарынын бир бөлүгүн мыйзамсыз алып турушкан.
27-августта бөлүм башчынын орун басары, милициянын подполковниги А.Б.Г. 110 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
Андан тышкары бөлүмдүн башчысы, милициянын полковниги О.С.С.нин иш бөлмөсүнөн:
- 46 миң доллар,
- 5,9 млн сом,
- ок-дары табылган.
Ошондой эле улук инспектор, капитан Ч.Б.К. жана взвод командири, ага лейтенант М.Э.Т. да кармалып, баары УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар