Сириядагы согушка катышууну көздөгөн мурдагы аскер кармалды
Жалал-Абад шаарында эл аралык террордук уюмдун активдүү жактоочусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, А.К. аттуу жаран 27-мартта кармалган. Ал мурда Коргоо министрлигинин атайын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн.
“Кармалган А.К. 2022-жылдын аягында Кыргызстандан чыгып кеткен, ал эл аралык террордук уюмдун тарабында куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн Сирияга өтүп кетүүгө аракет кылган”, – деп билдирет УКМК.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-256-беренесинин 2-бөлүгү (Кылмыш жасоого аракеттенүү – Кыргызстандын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына камакка алынган.
Учурда ыкчам-иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз