Соңку суткада COVID-19 дагы беш кишинин өмүрүн алды

Соңку суткада COVID-19 дагы беш кишинин өмүрүн алды

Соңку суткада коронавирус дагы беш кишинин өмүрүн алып, бул илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1182ге жетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, каза болгондордун үчөө Талас облусунда, бирөө Баткен облусунда, бирөө Бишкек шаарында даарыланып жатышкан.

Ал эми бир суткада 571 кишинин коронавирус жуктуруп алса, 406 бейтап илдетти жеңип чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 63 миң 390 болду. Ал эми 54 миң 358 адам айыгып чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>