Сокулук: Чөнтөк телефон уурдаган бала колго түштү

Сокулук: Чөнтөк телефон уурдаган бала колго түштү

Ново-Павловка айылындагы унаа жуучу жайлардын биринен телефон жана 17 500 сом акча уурдаган бала колго түштү. Бул туурасында Чүй облустук милициясы билдирүү таратты.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, 25-август күнү 1985-жылы туулган С.Т. аттуу жаран милицияга кабарлаган. Андан соң издөө иштери башталып, 2003-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>