Сокулук районунда эки өспүрүм биртуугандар дааратканага түшүп кетип каза болду

Сокулук районунда эки өспүрүм биртуугандар дааратканага түшүп кетип каза болду

Сокулук районунун Военно- Антоновка айылында эки бир тууган жаш өспүрүмдөр кошунасынын дааратканасына түшүп кетип каза болушту. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Окуя кечээ, 28-сентябрда болгон. Анда 1-класттын окуучусу кошунасынын дааратканасына түшүп кеткен. Жанындагы ойноп жүргөн балдар көрүп калып, ал баланын 7-класстагы агасын чакырышкан. Агасы инисин куткаруу үчүн колун сунуп, кошо түшүп кеткен. Даараткана өтө терең болгондуктан өспүрүмдөр чоңдор тараптан жардам болгонго чейин дем жетпей каза болушкан. Анын үстүндөгү тешик чоң жана эки тактай менен эле жабылган.

Учурда аталган окуя тууралуу жергиликтүү бийлик үн ката элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>