Сокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулат

Чүйдүн Сокулук районуна 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулат. Айыл чарба министрлигинин маалыматында объект айыл чарба продукциясын сактоо, кайра иштетүү жана сатуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.
Бүгүн, 27-мартта, айыл чарба министринин орун басары Рустам Балтабаев менен Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү жолугушту. Анда тараптар «Кыргыз Агрохолдинг» ААК менен биргеликте ишке ашырылып жаткан соода-логистикалык борборду куруу долбоорун талкуулашты.
Учурда долбоорго даярдык иштери жүрүп жатат. KOICA өкүлдөрү долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптары, анын ичинде долбоорлоо, каржылоо жана уюштуруу маселелери боюнча маалымат беришти. Тараптар бул демилгени биргелешип иштеп чыгууну улантууга даяр экендиктерин ырасташты.