Кытайлык компания Кыргызстанда дрон чыгаруучу завод курууну пландоодоБишкекте ысык суунун тарифи өзгөрдүКыргызстандын бийлиги кремацияга 2040-жылга чейин тыюу салууну сунуштоодоЧолпон-Атада айланма жолдун курулушу башталдыТоктогул районунда жаңы мал союучу жай пайдаланууга берилдиАдылбек Касымалиев Шымкентте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жыйынына катышты
Сокулукта 9 жаштагы Нурислам дайынсыз жоголууда
27.03.2026 | 09:36

Чүйдүн Сокулук районунун Шопоков шаарынын 9 жаштагы тургуну Шайдуллаев Нурислам изделүүдө.
Облустук милициянын маалыматында, ал 26-март күнү саат 16.00 чамасында Шопоков шаарынын Достук көчөсү №43 үйүнүн дарегинде жайгашкан үйдөн велосипед менен ойноп чыгып кеткен бойдон ушул убакка чейин дайынсыз болууда. Учурда аны издөө иштери жүрүүдө.
Нурисламдын белгилери: бою 120 см, арык дене түзүлүштө, чачы күрөң, көздөрү кара. Өзгөчө белгилери жок. Кийген кийимдери: ак футболка, көк шым.
Милиция жарандардан эгерде Нурисламдын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: 0312-607-567
Рубрики: Жаңылыктар, Коом