Сокулукта энесине зомбулук көрсөткөн жаран кармалды

21.10.2025 | 10:33

Сокулук районунда өзүнүн энесине зомбулук көрсөттү деген шек менен 1989-жылы туулган жаран А.Н. кармалды. Бул тууралуу Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде маалым болду.

Алдын ала маалыматка караганда, шектүү мас абалында өзүнүн 1960-жылы туулган апасы Б.К.га системалуу түрдө психологиялык басым көрсөтүп, физикалык зомбулук колдонуп келген.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун үч фактысы боюнча райондук милиция Бузуулар кодексинин 70-беренесине («Үй-бүлөлүк зомбулук») ылайык тиешелүү протоколдорду түзгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында А.Н. кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен ага камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Учурда тергөө иштери уланууда, керектүү экспертизалар дайындалган.

Чүй облусунун ИИББсы жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаганда же күбө болгондо дароо жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууга же 102 номерине чалууга чакырат.

Scroll to Top