Сокулукта KOICA колдоосу менен агропроцессинг борбору курулат

21.11.2025 | 16:53

Чүйдүн Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында агропроцессинг борбору курулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Аталган долбоор Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги – KOICAнын гранттык каражатынын негизинде каржыланат. Долбоордун жалпы бюжети 5–6 млн долларды түзөт.

Бүгүн, 21-ноябрда, «Кыргыз Агрохолдинг» ишканасы, Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү жана KOICA делегациясы жолугуп, долбоордун жүрүшүн талкуулашкан.

Жолугушууда жер тилкесин бөлүп берүү, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин даярдалышы жана иш графигин тактоо сыяктуу даярдык маселелери каралган.

Министрлик бул долбоордун максаты айыл чарба продукциясынын кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү, дыйкандардын кирешесин жогорулатуу жана региондун экспорттук потенциалын кеңейтүү экенин билдирди.

Scroll to Top