Сокулукта жаранды травматикалык тапанча менен атып, жарадар кылган шектүү кармалды

13.04.2026 | 17:12

Чүйдүн Сокулук районунда жаранды травматикалык тапанча менен атып, жарадар кылган деп шектелип 40 жаштагы эркек киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө 35 жаштагы жаран кайрылып, К.Г. аттуу эркек киши аны травматикалык тапанча менен атып, жарадар кылганын билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө эки жаран Шопоков шаарына жолугушуу үчүн барышканы аныкталган. Саат 01:00 чамасында жолугушуу учурунда жабырлануучуга бир нече жолу ок атылып, натыйжада анын оң саны, көкүрөк бөлүгү жана ич тарабы жабыркаган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук экспертизалар дайындалган.

Ыкчам издөөнүн натыйжасында шектүү катары С.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Scroll to Top