Сокулуктагы сабалган наристе.  Сот прокурорго каршы чыгуудан баш тартты

Сокулуктагы сабалган наристе.  Сот прокурорго каршы чыгуудан баш тартты

Сокулук райондук соту эки жашар баланын мыкаачылык менен сабалышы боюнча кылмыш ишин карап жатат.

Сот жараянына судья Манасбек Кулмурзаев төрагалык кылууда.

Жыйындын жүрүшүндө жабырлануучу тараптын жактоочусу Жаныш Бараков мамлекеттик айыптоочу Жеңиш Нуралиевге каршы чыкты. Адвокат өтүнүчтү прокурордун соттук териштирүүгө көңүл бурбай, жабыркаган баланын укугун коргоого аракет кылбай жатканы менен түшүндүрдү.

«Прокурор жабырлануучулардын укуктарын коргоого милдеттүү. Бирок, Жеңиш Нуралиев адвокаттардын өтүнүчүн четке кагууну дайыма суранып келет. Мурдагы процесстерде сумкасын чукуп ызы-чуу салган. Ошого жараша ал баланын укугун коргоого кызыкдар эмес», — дейт Жаныш Бараков.

Тараптардын пикирин уккан судья Манасбек Кулмурзаев жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

Эске салсак, 3-февралда Сокулук аймактык ооруканасына эки жашар наристе сабалган абалда түшкөн. Баланы кыйноого алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Баланы мыкаачылык менен сабаган деген шек менен милиция кызматкерлери 34 жаштагы Александр Самаркинди кармашкан. Акыйкатчынын аппаратында кылмышка шектүү ымыркайды жана анын атасын тынымсыз сабап, анын бутуна пневматикалык мылтыктан бир нече жолу ок атканын айтышкан. Коркутууга карыз себеп болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө баланын апасы менен атасынын ата-энелик укуктары чектелген, балдар чоң энесинин (атасынын апасынын) убактылуу камкордугуна берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>