Солтонбекова: “Эмдөө пандемияны токтотууга жардам берет”

Солтонбекова: “Эмдөө пандемияны токтотууга жардам берет”

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Калыс-Ордо жаңы конушундагы №13 үй-бүлөлүк медициналык борборго барды. Бул туурал аталган министрликтен билдиришти.

Учурда өлкө боюнча жыл сайын өтө турган Европалык эмдөө жумалыгы башталды.

«Эмденүү менен биз өзүбүздү жана үй-бүлөбүздү гана коргобостон, коопсуз коомго жана баардыгыбыздын ден-соолугубуздун чың болушуна салым кошобуз», — деген Солтонбекова.

Анын айтымында, өлкөдө оорулардын алдын алуу жана беш жашка чейинки балдарды коргоо үчүн эмдөөлөр жүргүзүлүүдө, жана «пандемияны жоюуга» жардам берүүчү куралы катары COVID-19га каршы эмдөөгө өзгөчө көңүл бурулууда.

«COVID-19 пандемиясы эмдөөнүн маанилүүлүгүн көрсөттү жана биз колубуздагы вакциналардын потенциалын толук колдонушубуз керек”, — деп кошумчалаган Солтонбекова.

Мындан тышкары, ал балдарды эмдөө улуттук эмдөө графигине ылайык жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеген. Анын негизинде ар бир ата-эне баласын эң коркунучтуу жугуштуу оорулардан коргой аларын кошумчалаган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>