Бүгүн, 21-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Япониянын Токио шаарына барды. Ал Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат.
Ошондой эле иш сапардын алкагында, Жээнбеков Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.
Мындан тышкары, президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.