Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайтып келип анализ тапшырды

Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайтып келип анализ тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган Кыргызстандын делегациясы  24-июнь күнү кечке маал Москва шаарынан кайтып келди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, делегация мүчөлөрү коронавирус инфекциясына кайрадан анализ тапшырышты.

Буга чейин белгилегендей, алардын бардыгы, анын ичинде Мамлекет башчысы дагы анализдери чыкканга чейин 3 күндөй өз алдынча обочолонууда болушат. Мурда анализдеринде илдет аныкталгандар 14 күн обочолонууга алынат.

Белгилей кетсек,  Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация 24-июнда Москвада өткөн Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн барышкан.

Бирок делегация мүчөлөрү Москвада коронавируска текшерилгенде президенттик аппараттын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана бир жансакчыдан коронавирус табылган. Мындан улам  Жээнбеков парадга катышпастан кайтып келди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>