Жээнбеков жаңы дайындалган премьер-министр жана спикер менен жолугушту

Жээнбеков жаңы дайындалган премьер-министр жана спикер менен жолугушту

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев жана премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков аларды кызмат орундарына дайындалышы менен куттуктап, коомчулукка жана өлкөгө пайда алып келерине ишенимин билдирген.

Коронавирус пандемиясынын экинчи толкунуна, ошондой эле күз-кыш жылытуу мезгилдерине даярдык маселелери курч тургандыгын айткан. 

Мындан тышкары, экономиканы калыбына келтирүү, инвестиция тартуу, мамлекеттин социалдык милдеттери жана башкалар камтылган өлкөнү өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү программаларды иштеп чыгуу зарылдыгына билдирген.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн туруктуулугу жана аны өнүктүрүү үчүн тараптар менен диалогго ар дайым даяр экендигин айткан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>