Кечээ, 20-декабрда президент Сооронбай Жээнбековду ташыган №1 борт техникалык себептерден улам Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан уча албай калды. Бул маалыматты Транспорт министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги тастыктады.
Маалым болгондой, президент Сооронбай Жээнбеков жана аны коштоп барган делегация мүчөлөрү Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия Экономикалык Кеңешинин кезектеги жыйынына катышкан соң, Бишкекке кадимки каттамдагы учак менен учуп келишкен.
Былтыр Жогорку Кеңештин депутаттары жана Жарандык авиация агенттиги өлкө башчыны ташыган ТУ-154 үлгүсүндөгү учактын эскилиги жеткенин, аны «Boeing» (Америка) үлгүсүндөгү учакка алмаштыруу керектигин айтышкан.
Кыргызстандын президентинин ТУ-154 үлгүсүндөгү учагы 1993-жылы өндүрүштөн чыккан.
Бул учакты Орусиянын президенти Владимир Путин 2006-жылы ошол кездеги Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевге белек кылган.
ТУ-154 үлгүсүндөгү жүргүнчүлөрдү ташуучу учак СССР учурундагы орто жана узак алыстыкка учуучу эң коопсуз учак катары белгилүү.