Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун жансыз денеси табылды
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун жансыз денеси 14-мартка караган түнү унаанын ичинен табылган.
Бишкек шаардык ИИББнын маалыматына ылайык, окуя тууралуу билдирүү 102 кызматына саат 23:00 чамасында түшкөн. 1981-жылы туулган маркум жайгашкан GAC үлгүсүндөгү унаа Кожомбердиев көчөсүндөгү банкет залынын жанында токтоп турган. Окуя болгон жерди кароодо укук коргоо органдарынын кызматкерлери эркек кишинин көкүрөк тушуна ок тийгенин катташкан.
Ленин райондук ИИБнин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерден 12 мм калибрдеги «Иж-18» сайсыз мылтыгын, 13 окту, гильзаны, эки уюлдук телефонду жана өлүм алдында жазылган катты алган. Каттын болушу жана баштапкы кароонун жыйынтыгы тергөөгө өз жанын кыюу версиясын негизги катары кароого мүмкүндүк берет. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркумдун карыздык милдеттенмелери окуяга себеп болушу мүмкүн.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси («Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү») менен кылмыш иши козголду. Өлүмдүн так жагдайларын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө органдары окуянын бардык версияларын текшерүү үчүн зарыл болгон процессуалдык аракеттерди жүргүзүүдө.