Сот «Азия Ньюс» гезитин ички иштер министрине 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Сот «Азия Ньюс» гезитин ички иштер министрине 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Бишкек шаардык соту «Азия Ньюс» гезитин Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. Чечим 26-фералда чыкканын жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

«Гезиттин редактору Аслан Сартбаев жана биз да шаардык соттун чечимине макул эмеспиз. Ошондуктан эми Жогорку сотко кайрылалы деп жатабыз», — деди Турдукулов.

Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде (№16) жана 16-майда (№19) чыккан сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. Министр «гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деп, гезиттен 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр декабрь айында Жунушалиевдин «Азия Ньюска» каршы доо арызын канааттандырып, гезитти 1 миллион сом айып пулга жыккан. Гезит райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко кайрылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>