Сурабалдиева: Окуу жайларда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо зарыл

Сурабалдиева: Окуу жайларда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо зарыл

Мектептер, ЖОЖдор, жана балдар бакчалары кадимки режимге өтүп жатканына байланыштуу тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо зарыл. Бул туурасында вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди

«Биз окуу процессин уюштурууну жана балдарды өнүктүрүүнү жакшыртуу максатындагы жарандардын көп сандаган кайрылууларына байланыштуу чечкиндүү кадамга бардык – аймактарда жана шаарларда мектептердин, жогорку окуу жайлардын жана балдар бакчасынын ишин баскычтуу жандандыруу башталууда. Менин пикиримде, мектеп окуучулары жана ЖОЖ студенттери чоң жоопкерчиликти түшүнүп, беткап кийүү, колду тез-тезден жууп туруу жана социалдык обочолонуу сыяктуу бекитилген санитардык эрежелерди аткарышы керек. Мекемелердин администрациясы жана тармактык мамлекеттик органдар аталган талаптардын аткарылышын камсыздоосу тийиш. Мындан тышкары, балдардын имммунитетин чыңдоо, анын ичинде дене тарбия менен машыгуу, спорт жана тамактануу маселесине өзгөчө көңүл буруу керек», — деди вице-премьер-министр жана жооптуу түзүмдөргө тийиштүү тапшырмаларды берди. 

Эльвира Сурабалдиева ошондой эле медициналык мекемелердеги дарылануу шарттарын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>