Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Сурабалдиева ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болду
20.02.2026 | 10:39

19-февралда парламенттин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды.
Анын талапкерлигин «Адилет Кыргызстан» жана «Элдик» депутаттык топтору көрсөтүшкөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Сурабалдиева аталган кызматка шайланып, бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Эске салсак, буга чейин аталган комитетти мурдагы депутат Эльдар Сулайманов жетектеген. Ал 17-февралда жеке арызынын негизинде депутаттык мандатын тапшырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат