Сурамжылоо. Бишкектиктерди эң көп тынчсыздандырган маселе – транспорт жана экология
Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгуунун алкагында мэрия жана долбоордун веб-сайттары аркылуу онлайн сурамжылоолор жүргүзүлүп, шаарды өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечектеги багыттары боюнча коомдук пикир чогултулду.
Мэриянын маалыматына ылайык, сурамжылоого эң активдүү катышкан жарандар – 26 жаштан 45 жашка чейинкилер. Алардын 78% жогорку билимдүү адистер, 64% – Бишкекте туулуп-өскөндөр, 27% – шаарда 10 жылдан ашык жашагандар.
Негизги көйгөйлөр:
• 65% респондент сейил бактардын жана жөө аймактардын жетишсиздигин белгиледи;
• билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт объектилеринин жаңы райондордо аздыгы айтылды;
• транспорттук инфраструктурадагы көйгөйлөр (жол тыгындары, тротуарлардын жетишсиздиги, коомдук транспорттун ашыкча жүктөлүшү) эң актуалдуу маселе деп табылды.
Жашоочулардын сунуштары:
• айланма жолдорду куруу, учурдагы жолдорду кеңейтүү, кошумча жөө өтмөктөрдү жана унаа токтотуучу жайларды уюштуруу;
• велосипед инфраструктурасын өнүктүрүү, өзүнчө веложолдорду куруу;
• заманбап таштанды кайра иштетүүчү завод куруу жана таштандыларды бөлүп чогултуу тутумун киргизүү;
• шаарды жашылдандыруу жана түтүн көйгөйүн чечүү.
Сурамжылоонун жыйынтыгында калктын 92,3%ы таштандыларды бөлүп чогултуу демилгесин колдосо да, контейнерлер жетишсиз экени белгиленди. Ошондой эле респонденттердин үчтөн бири күнүмдүк жүрүш үчүн велосипедди колдонууга кызыкдар экенин билдиришкен.
Экологиялык абалды канааттандырарлык деп 15% гана баалаган. Негизги тынчсыздануу – жашыл аймактардын жана таза абанын жетишсиздиги.