Алдыда КМШ мамлекет башчыларынын саммити болорун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүк жыйында министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө эскертти.
Ал белгилегендей, ушул жылдын 12-октябрында Россиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапары күтүлүүдө.
Мындан тышкары 13-октябрда КМШ мамлекет башчыларынын саммити, 25-октябрда КМШ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жыйыны болот.
«Сураныч, эч кимиңиздер оорубаңыздар. Баарыңыздарга рахмат. Мен сиздер менен иштегениме кубанычтамын!», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз