Бишкекте «суукта үшүп, жол тосуп турган жүргүнчүлөрдү бекер ала кетели» деген чакырык менен айдоочулар арасында кайрымдуулук акциясы башталды. Бул демилгени Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Акжолтой Тукунов баштады. Бул боюнча ал Фейсбуктагы баракчасына видео жүктөдү.
Анда ал суукта жол тоскон жүргүнчүлөрдү унаасына салып бара жатканын айтып, айрым жүргүнчүлөрдөн пикирин да укту. Ошону менен бирге бардык айдоочуларды жол тосуп тургандарды акысыз ала кетүүгө үндөдү.
Буга чейин 11-январдан тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, адаттан тыш суук болоору эскертилген.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда 11-январдан тарта катуу суук болот