Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда 11-январдан тарта катуу суук болот

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда 11-январдан тарта катуу суук болот

Кыргызстанда 11-январдан тарта аномалдуу суук болору күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкө синоптиктеринин божомолунда, 11-январдан тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

«Аномалдык суук кыштоолордо малды кармоо, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Бул күндөрү үйүңүздү жылуулап, малды жайытка чыгарбастан, сарайда кармаңыз. Алыска сапарга чыгууну, тоолордо эс алууну башка күндөргө жылдырыңыз», — деп эскертет министрлик.

Ошондой эле министрлик, суук түшкөн күндөрү алыскы жолго чыгууну пландаган айдоочуларга кайрылды.

«Алыскы жолго чыгууда дарылардын топтомун, ысык суу, жол азыгын, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын алууну унутпаңыз. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте 18 градус суук. Бир жумага карата аба ырайы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: кыш ӨКМ суук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>