Ысык-Көл облусу толугу менен тамчылатып, жамгырлатып сугаруу ыкмасына өткөрүлөтКыргызстанда 2030-жылга чейин Россиянын катышуусу менен ядролук медицина борборун куруу пландалуудаФермерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн «i-Dyikan» платформасы ишке киргизилетТөө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилдиЧүйдө жасалма айдоочулук күбөлүк колдонгон жаран кармалдыКоомдук ишмер Бекболот Талгарбеков ИИМге суракка жеткирилди
Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун IV фазасын реконструкциялоо кызуу жүрүүдө
01.08.2025 | 12:17
Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун 104,6–197,6 чакырымдык тилкесин реконструкциялоо боюнча IV фаза алкагында курулуш иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.

Учурдагы иштер:
- Жол жээгин тегиздөө жана кеңейтүү,
- Суу түтүктөрүн жылдыруу,
- Бетон электр мамычаларын демонтаждоо.
Жеринде 80ден ашык техника жана 65 жумушчу иштеп жатат. Жумушчу күчү жана техника күн сайын көбөйүүдө. Долбоордун алкагында:
- 2 асфальт-бетон заводу,
- 1 бетон заводу,
- 2 таш талкалоочу жабдык орнотулууда.
Жалпы реконструкция боло турган жолдун узундугу — 93 км, ал Талас шаарынан башталып “Кичи-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин жетет.
Курулуш иштери 2025–2028-жылдардын аралыгында аякташы пландалууда, ал эми долбоордун кепилдик мөөнөтү — 5 жыл.
Долбоордун алкагында:
- 6 көпүрө реконструкцияланат,
- 1 жер алдынан өтүүчү өткмөк курулат,
- Калк жашаган аймактарда тротуар жана жарыктандыруу орнотулат.
- Жолдун техникалык категориясы IIIтөн IIге чейин жогорулатылат.
Рубрики: Жаңылыктар