Социалдык тармактарда аял кишинин мойнуна дөңгөлөк байлап кыйнаган кишинин видеосу тарады. Видеодогу киши колу байланган аялны чакалап суу чачып, жаакка чапкылап жатканын көрүүгө болот.
Бул окуя боюнча Жалал-Абад облустук милициясы маалымат берип, окуя 8-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында Сузак районундагы айылдардын биринде болгонун маалымадады.
«Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну өз үйүндө 47 жаштагы аялынын мойнуна таш салынган дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып кыйнаган. Жабырлануучу аял 11-июнь күнү Сузак райондук милициясына арыз менен кайрылган. Жолдошу мындай кадамга үй-бүлөдөгү чыр-чатактан улам барганын айткан», — деп билдирди облустук милициядан.
Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») боюнча катталып, кийин Жазык кодексиндеги ( “Уруп-согуп кыйноо”) беренесине өзөргөн. Ал эми аялын кыйнаган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.