Сузакта мейманканага чогу барган кыз-жигит бирин-бири бычактап ооруканага түшүштү

Сузакта мейманканага чогу барган кыз-жигит бирин-бири бычактап ооруканага түшүштү

Сузакта мейманканага чогу барган кыз-жигит бири-бирин бычактап ооруканага түшүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу 7-февралда  болжол менен күндүзгү саат 10:00 чамаларда тез жардам кызматы тарабынан 102 номерине Сузак районунун аймагында жайгашкан мейманкалардын биринде бир эркек бир аял киши бири-бирин бычактап, денелеринен жаракат алышкандыгы маалымдалган. Сузак РИИБнин тергөө-ыкчам тобу, жетекчилиги окуя болгон жерге барганда, алар эс-учун жоготкон абалда жатканы аныкталган. Ыкчам топ аял менен эркек кишини Сузактын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен.

Аталган факт боюнча текшерүү иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун 1984-ж.т. тургуну Д.М. мейманкананын администраторуна өзү менен кошо келген 21 жаштагы кызды аялым деп тааныштыргандыгы белгилүү болгон.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, Сузак РИИБнин эксперт-криминалисттери тарабынан бармак издери жана тиешелүү далил буюмдар алынды. Аталган факт Сузак РИИБнин КЖБРне “Ден соолукка оор зыян келтирүү” болуп катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Учурда шектүү Сузак районунун 1984-ж.т. тургуну Д.М. камакка алынып, дарыгерлердин жана милициянын көзөмөлүндө атайын палатада дарыланууда.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>