Свердлов районунда ата-энелер менен укук бузуулардын алдын алуу боюнча жолугушуу өттү

02.10.2025 | 19:59

Бүгүн, 2025-жылдын 2-октябрында, Свердлов районунда мектеп окуучуларынын ата-энелери жана мектеп жетекчилери менен укук бузуулардын алдын алуу максатында жолугушуу болуп өттү.

Мэрия кабарлагандай, төмөнкү жооптуу кызматкерлер иш-чарага катышты: Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери.

Жолугушуунун негизги максаты: жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун жана баңгизаттык көз карандылыктын алдын алуу, ошондой эле балдардын коопсуздугун камсыздоо.

Иш-чарада инспекциянын өкүлү кыскача баяндама жасап, презентация көрсөткөн, Баңгизатка каршы кызмат видеороликтерди тартуулаган, Бишкек мэриясынын алдындагы зордук-зомбулукка кабылган балдарды коргоо борборунун психологу Гүлзат Исабекова ата-энелерге балдары менен туура мамиле жасоо боюнча кеңеш берген.

Рубрики: Выборы-2020, Коом
Scroll to Top