Сыйлап койсо! Мадумаров менен Шакиев жыйында айтыша кетти

Сыйлап койсо! Мадумаров менен Шакиев жыйында айтыша кетти

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Бүткүл дүйнөлүк банктан Баткенди өнүктүрүү үчүн насыя алуу боюнча маселе каралып жаткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров алган акчалар “АРИС” программасы аркылуу ишке ашаарын сынга алып, бул насыя алууну колдобой тураарын билдирип комитет төрагасы Чыңгыз Айдарбековго кайрылды:

Мен айтып-айтып кала берем, силер колуңарды көтөрүп колдоп бересиңер! Ошондуктан соңку кезде комитетке катышкым да келбей калды” –деди.

Ал ортодо Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев Адахан Мадумаровдун айрым пикирилерине нааразылыгын билдирди.

Адахан Кимсанбаевич негедир акыркы убакыттарда жалпыбызды, өзүңүз каалагандай айтып-деп, таарынычыңызды, ички күйүтүңүздү бизден чыгара турган болуп алдыңыз да… Кол көтөрүп бересиңер, кабинет боюнча кирип чыкты, байлап алдыңар”- деп айтып жатасыз. Кыргызда жакшы сөз бар сыйга-сый сыр аякка бал дейт. Биз сизди сыйлап урматтап келип атабыз. Сиз да сыйга тең болуңуз да, ким биздин колду кайрыйт, ким биздин колубузду байлап алат? Эч ким байлабайт, эч ким кайрыбайт. Ага биз жол бербейбиз. Бул жерде ар бир депутаттын өзүнүн ой-пикири бар”-деди Шакиев.

Адахан Мадумаров болсо жалпы депутаттарды айтып жатканын кошумчалады.

Мен Шакиев деген жокмун, мен депутаттар колдоп бересиңер азыр дедим. Мен көрүп атам жалгыз калганымды”- деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>