Сүйүнчү! Кыргызстандын футбол курамасы Азия кубогуна чыкты

Сүйүнчү! Кыргызстандын футбол курамасы Азия кубогуна чыкты

Кыргызстандын футбол курамасынын Оман менен дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагындагы беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Бул оюн тандоо турунун алкагындагы соңку беттеш болду.

Оюн Омандын Маскат шаарында өттү. Беттештеги биринчи голду Кыргызстандын курамасы киргизди: 19-мүнөттө Элдияр Зарыпбеков эсепти ачты. Оюндун биринчи бөлүгү 1:0 эсебинде аяктады.

Омандын курамасы беттештин экинчи бөлүгүндө – 59-мүнөттө гана гол киргизип, эсепти теңей алды. Оюн аяктаганга чейин эсеп өзгөргөн жок.

Тандоо ондарынын алкагында өз эсебинде жалпы 11 упай жыйнаган Кыргызстандын курамасы D тайпасында экинчи орунга жайгашып, Азия кубогуна жолдомо алды. Аны менен бирге дүйнө биринчилигине тандоо оюндарынын кийинки баскычына чыкты. Тайпада биринчи орунду ээлеген Оман да (13 упай) жолдомонун ээси болду. D тобундагы дагы эки команда – Малайзия (10 упай) менен Кытайлык Тайбэйнын (упайы жок) тайпадан чыга алган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>