Төлөм терминалдарын уурдоого шектелип жаш балдар кармалды

Төлөм терминалдарын уурдоого шектелип жаш балдар кармалды

Төлөм терминалдарын уурдоо менен алектенген уюшкан топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

16-ноябрда милицияга кайрылган жаран К.Б., саат 5:00дө баасы 200 миң сомду түзгөн терминалды уурдап кеткендигин билдирген. Терминалдын ичинде 497 миң 120 сом болгон.

Дагы бир бишкектик тургун терминалдын уурдалышы боюнча билдирүү жасаган.

Бул фактылар Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси «Уурулук» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Бишкекте милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кармаган. Алар 1997-жылы туулган Н.У., жана 1998-жылы туулган С.Р., О.Ч., Ч.Д. аттуу өспүрүмдөр болгон. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>