Борбор Азия өлкөлөрү БУУнун улутчулдукка каршы күрөшүү резолюциясын колдоштуДоналд Трамп $5 млрд ордун толтуруу талабы менен сотко бергенБишкек абанын булганышы боюнча 27-орунду ээледиЖогорку Кеңеште 5 депутаттык топ түзүлдү. Үч гана депутат топко кирген жокМүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн КМШнын биринчи кышкы спартакиадасы Уфада башталдыСалык кызматы жылдык планды ашыгы менен аткарып, рекорддук 275,7 млрд сом чогултту
Таалатбек Масадыков ЖККУнун Башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды
22.12.2023 | 22:54
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Масадыков Таалатбек Шамудинович 2024-жылдын 1-январынан тартып Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысынын орун басарынын квоталык кызмат ордуна дайындалды жана ал мурда ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн мамлекет башчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар маселелер талкууланды.
Президент Садыр Жапаров Таалатбек Масадыковго жооптуу ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Рубрики: Жаңылыктар