Таксисттердин эсине! 22-августтан тарта лицензия алуу күчүнө кирет

19.08.2025 | 13:54

ЖКККББнын маалыматы боюнча, 22-августтан тарта такси кызматын көрсөткөн айдоочулар үчүн милдеттүү лицензиялоо күчүнө кирет. Ошондой эле, лицензия алганга чейин оң рулдуу унааларды такси катары колдонууга тыюу салынат.

Мекеменин өкүлү Нурдин Самбаевдин айтымында, таксисттерден лицензияны дароо талап кылуу пландалган эмес. Иш-чара этап-этабы менен жүргүзүлүп, акыркы этап 1-декабрда аяктайт. Ошондон кийин рейддер башталат. Бирок, 22-августтан тарта милиция оң рулдуу машиналар менен такси кызматын көрсөткөндөрдү текшерүүгө киришет.

Самбаев белгилегендей, учурда расмий түрдө 7,5 миңдей таксист оң рулдуу унааларды айдайт. Аларга бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Лицензиянын баасы жеке жактар үчүн жылына 500 сомду, юридикалык жактар үчүн 1 000 сомду түзөт. Лицензия албагандарга карата айып пул 7 500 сомдон 23 000 сомго чейин белгиленген.

Документти ЖКККББнын шаар жана аймактардагы бардык бөлүмдөрүнөн алууга болот. Нурдин Самбаев лицензия киргизилүүсүнүн негизги максаты – элдин коопсуздугун камсыздоо экенин кошумчалады. Лицензия берүүдө айдоочунун маалыматтары жана машинанын техникалык абалы да текшерилет.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top