Талап болгон. Саламаттыкты сактоо министри эмдөө учурунда беткап такпаганын түшүндүрдү

Талап болгон. Саламаттыкты сактоо министри эмдөө учурунда беткап такпаганын түшүндүрдү

Министр экенимди көрсөтүү үчүн маскамды чечип салдым. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 31-мартта Биринчи радионун эфиринде айтты.

Министрден эмдөө учурунда беткапсыз отурганын жана медайым кол капсыз болгонун сурашкан.

“Мен ар дайым беткап кийип жүрөм, эч ким менен учурашпайм. Беткапты чечкен учурдда 2 метр аралыкты сактайм. Журналисттер көп суроолорду берип, бул талап болду. Үч ай боюу ким биринчи болуп эмдөөдөн өтөт деп күтүштү. Министр катары мен биринчи кезекте эмделишим керек эле. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү 3 метрден ашык аралыкта турушкан, мен министр экенимди далилдеш үчүн бет кабымды чечтим. Болбосо алар министр эмес, бул башка деп айтуусу мүмкүн эле”, — деп жооп узаткан Бейшеналиев.

Анын айтымында, бардык адамдар беткап кийиши керек, кийбесе айып пул салынышы керек.

Биздин экономика өнүккөн эмес, андыктан айып сала албайбыз. Бирок республикалык штабдын жыйынында айрым чечимдерди кабыл алып жатабыз”, — деген министр.

Белгилей кетсек, 29-мартта Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги №7 үй-бүлөлүк медициналык борборунда алгачкылардан болуп коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн. Учурда Өлкө аймагында коронавирус илдетине каршы эмдөө жүрүүдө. Алгач “кызыл зонада”, бейтапканада, “Тез жардамда” иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>